• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тармактык комитетте “Чыңгыз Айтматов” орденин уюштуруу жөнүндө мыйзам долбоору жактырылды

Коом 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун 2-окууда карашты.

Демилгечилер –Жогорку Кеңештин депутаттары И.Өмүркулов, А.Касымалиева, К.Иманалиев, С.Шер-Нияз, Э.Токтошев, Ж.Бакчиев, Г.Молдобекова, К.Орозова, А.Алтыбаева, Ж.Мусабекова, А.Осмонова, А.Жээнбеков.

Мыйзам долбоору Чыңгыз Айтматовдун көркөм мурасын сактоо, кеӊири жайылтуу, кыргыз адабиятын, искусствосун жана маданиятын эл аралык деңгээлде даңазалоо болуп саналат. Мыйзам долбоорунда “Чыңгыз Айтматов” ордени менен адабият, кинематография жана башка искусство тармактарындагы зор жетишкендиктери, ошондой эле аларды эл аралык деңгээлде өнүктүрүүгө жана алга жылдырууга кошкон салымдары үчүн Кыргызстандын жарандары сыйланаары каралган. Мындан сырткары, гуманизм идеяларын алга жылдырууга, тынчтыкты жана адамзаттын руханиятын өнүктүрүүгө, бекемдөөгө кошкон салымдары үчүн чет элдик жарандар дагы сыйланышы мүмкүн.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар Таабалды Тиллаев, Жыргалбек Турускулов жогоруда аталган мыйзамдагы ордендердин иерархиясын карап чыгууну сунуш кылышты. Демилгечи депутаттардын бири Аида Касымалиева эл өкүлдөрүнүн сунушуна макул болду.

Пикир

Оставить комментарий