• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сапаты начар бензиндерди, дизель майларын өлкөгө 2019-жылдан тарта киргизбөө чечими кабыл алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 11-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө», «Экологиялык экспертиза жөнүндө» мыйзамдарга») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 2- окууда каралды.

Аталган маселе боюнча КР Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов баяндама жасады.

«Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» мыйзамда атмосфералык абага физикалык таасирлер жана атмосфералык кубулуштардын жасалма өзгөрүүлөрү боюнча иш-аракетти жүргүзүүгө берилүүчү уруксаттын жок болгондугуна байланыштуу бул мыйзамдын 21 жана 36-беренелерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү сунушталган. Ошону менен катар ЕАЭБдин стандарттарына ылайык келтирүү максатында бир катар түзөтүүлөр белгиленген. Башкача айтканда, атмосфералык аба дуушар болгон зыяндуу таасирди токтотууга багытталган өзгөртүүлөр сунушталган. Ага ылайык, Кыргызстанга 2021-жылдын 1-январынан тартып К2, К3, К4 экологиялык класстагы автомобиль бензиндерин жана К2, К3, К4 экологиялык класстагы дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу салуу киргизилүүдө. Бул экологиялык класстагы күйүүчү майлардан дем алуу органдарына зыян келтирүүчү химиялык сера газы көбүрөөк чыгат. Анын кесепети дем алуу органдарын бара-бара ракка чалдыгышын шарттайт.

2-окуудагы мыйзам долбооруна депутат Дастан Бекешев Кыргызстанга мындай сапаты начар, ден соолукка зыян келтирүүчү К2, К3, К4 экологиялык класстагы автомобиль бензиндерин жана К2, К3, К4 экологиялык класстагы дизель майларын 2019-жылдын 1-январынан тарта сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу салуу боюнча сунуш берген.

Комитеттин талкуусунда депутаттарды өлкө аймагына кандай сапаттагы күйүүчү майлар кирип жаткандыгын текшерүү, көзөмөлдөө жаатындагы суроолорго Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун жообу канааттандырган жок.

Жыйынга катышып отурган депутат Акылбек Жапаров Израилде сырттан кирүүчү күйүүчү майларды текшере турган жабдууну мисалга тартып, ал өтө деле кымбат эместигин айтып, аны алып пайдаланууну сунуш кылды. Мындан сырткары, А.Жапаров автоунаалардын үн басаңдаткычындагы катализаторлордун сөзсүз түрдө болушу керектигин, дал ушул катализаторлор сера газдары сындуу зыяндуу газдарды чыпкалай тургандыгын айтып: “Жок дегенде алгач Бишкек, Ош шаарларында катализатору жок унаалардын жүрүүсүнө тыюу салуу керек”,- дейт.

Мындай сунушту кубаттаган депутат Асылбек Жээнбеков эмне үчүн өлкө аймагына сапатсыз авто майларды киргизүүнү 2021-жылга чейин создуктурулуп жатканы түшүнүксүз экенине токтолуп, депутат Д.Бекешовдун сунушун өзүнчө добушка коюу керектигин билдирди. А.Жээнбековдун маалыматы боюнча, Орусия К5 сапатындагы гана майларды колдонууга өттү. Казакстан алдыдагы жылы же андан кийинки жылы өткөнү турат.

Талкуу жыйынтыгында депутат Д.Бекешевдин сунушу колдоого ээ болуп, комитеттин корутундусу жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий