• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тармактык комитетте «Тянь-Шань» мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү заводунда түзүлгөн кырдаал каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 10-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында «Тянь-Шань» мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү заводунда таланып кеткен малдын ордун толтуруу боюнча түзүлгөн кырдаал жөнүндө» «Тянь-Шань» асыл тукум заводунун директору С.Чолуевдин кайрылуусу каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Салыбек Чолуевдун маалыматы боюнча 2010-жылы Нарын районундагы бул асыл тукум заводундагы 6527 баш жарым уяң жүндүү эт жана жүн багытындагы кой таланып кеткен. Мамлекетке тиешелүү асыл тукум койлорду кайрадан чогултуу боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай чаралар жүргүзүлгөн эмес. Малды таркатууга түздөн түз тиешелүү делген жарандарга козголгон кылмышы иши кыскарып кетип, мал кайтарылбай калган. “Мындай асыл тукум койлор жок болуп кетүү алдында турат. Бирок аракет кылып калыбына келтирсек болот”.- дейт С.Чолуев.

Талкууда депутат Асылбек Жээнбеков мамлекетке тиешелүү мүлктү талап кетүү кылмыш экенин, асыл тукум койлорду калыбына келтирбесек, өлкөнүн айыл чарбасында натыйжа болбостугун баса белгиледи. Ошону менен катар эл өкүлү көтөрүлгөн бул маселени КР башкы прокуратурага тапшырууну сунуш кылды. Бир катар депутаттар мындай сунушту колдоого алышты.

Депутат Алмазбек Акматов болсо Мал чарбачылыгы жана жайыттар боюнча кыргыз илим-изилдөө институтун тез аранын ичинде КР айыл чарба, тамак-аш өнөржайы жана мелиорация министрлигине өткөрүү керектигин билдирди. Анын пикиринде, өз мезгилинде керек болсо Айыл чарба институту дагы аталган министрликтин астында болгон.

Жыйынтыгында «Тянь-Шань» асыл тукум заводунун директору С.Чолуевдин кайрылуусу эске алынып, таланып кеткен койлордун чогултуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү тууралуу КР Өкмөтүнө жана КР башкы прокуратурасына тиешелүү тапшырмаларды берүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий