• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тармактык комитетте турак-үйлөрдү ижарага берүү маселеси каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 23-январындагы Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак-Жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Жунус уулунун айтымында аталган мыйзам долбоорунун алкагында жалпы өлкө боюнча көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жайларды мейманкана катары колдонуп, пайда көрүү жагы сунушталууда. “Бирок, ижарага берген учурда мыйзамсыз иштер жасалып, коомдук тартип бузула турган болсо, аны жасаган адамды гана эмес, турак-жай ээси да жоопкерчиликке тартылат” – дейт депутат Алтынбек Жунус уулу.

Өкмөт өкүлдөрү да аталган мыйзам долбоору көмүскө иш алып барган жеке ишкерчиликтин ачыкка чыгуусуна шарт түзүп, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү да кеңейтерин белгилешти.

Талкуу соңунда аталган мыйзам долбоору экинчи окууда комитет мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий