• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тармактык комитетте турак-жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу маселеси талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 29-майдагы Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Турак-жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууга алынып, депутаттар тарабынан колдоо тапты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Демилгечи депутаттардын бири Музаффар Исаков белгилегендей, киргизилип жаткан өзгөртүүнүн максаты менчиктин формасына карабастан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык түзүлгөн жана иштеп жаткан бардык камсыздандыруу уюмдарына милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашыруу укугун берүү бөлүгүн “Атаандаштык жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндөгү” жана “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын ченемдери менен ылайык келтирүү болуп саналат.

Жыйында айтылгандай учурда Кыргызстанда 15 камсыздандыруу компаниясы иш алып барат жана алардын уставдык капиталы 150 млн. сомду түзөт.

Андан тышкары, комитеттин бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы №172 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору да каралып, аталган мекеме жетекчиси Бакир Таиров экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан жаңыланууларды баяндады.

Ошондой эле жыйында “2018-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө» экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору да каралып, колдоо тапты.

Пикир

Оставить комментарий