• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-июндагы парламент жыйынында Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жана Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагаларынын орун басарларын шайлоо маселеси каралды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына депутат Нурбек Мурашев, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымынын орун басарлыгына депутат Чынара Урумкалиеванын талапкерлиги сунушталды.

Жыйынтыгында Нурбек Мурашев 85 добуш менен Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, Чынара Урумкалиева 81 добуш менен Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымынын орун басары болуп шайланды.

Пикир

Оставить комментарий