• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тармактык комитеттердин төрагалыгына “Өнүгүү” жана “Ата Мекен” фракцияларынан талапкерлер сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 24-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын кызмат орундарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” парламенттик фракцияларынын чечимдери каралды. Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов өз фракцияларынын Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалык кызмат орундарына сунуштаган талапкерлерин тааныштырды.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна депутат Тынчтык Шайназаров (“Өнүгүү-Прогресс”) жана депутат Наталья Никитенко (“Ата Мекен”) сунушталды.

Ал эми Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Зиядин Жамалдинов (“Өнүгүү-Прогресс”) жана Эмил Токтошев (“Ата Мекен”) сунушталды.

Комитет мүчөлөрү сунушталган талапкерлерди Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштоо чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий