• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымын кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Коом 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы КРнын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.

Тартип комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, комиссиянын бүгүнкү жыйынындагы күн тартибинин биринчи маселеси Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Жогорку соттун төрайымы Гурбара Калиевага карата сунушун кароо болгон.

Комиссия КРнын “КР сотунун макамы тууралуу” жана “КРнын соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы тууралуу” Конституциялык мыйзамдарына таянуу менен Башкы прокурордук сунушун канааттандыруу менен ЖС төрайымы Г. Калиеваны КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү чечимин кабыл алды.

Ошондой эле Тартип комиссиясы аны убактылуу кызматынан бошотууга уруксат берди. Комиссия кызматынан бошотуу үчүн андан ары Жогорку Кеңешке жөнөтүү үчүн аталган сунушту президентке берди.

Тартип комиссиясынын чечими анын жарыяланганынан тартып күчүнө кирет жана даттанууга жатпайт.

Тартип комиссиясынын бүгүнкү жыйынына Калиева өзү катышкан жок.

Эскерте кетсек, мындан мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ЖС төрайымы Г. Калиева Тартип комиссиясынын ишине атайылап жолтоо болуп, анын маселесин кароону кечиктирип жатат деп билдирген. Г. Калиевага карата “Жергиликтүү соттун” автоматташтырылган маалымат тутумун иштеп чыгуу жана жайылтууда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок Жогорку соттон Г. Калиева ооруп жатканын жана тиешелүү медициналык маалым кат берүүгө даяр деп белгилеп, бул маалыматты жокко чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий