• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тарых илимдеринин доктору, Кыргызстандык профессор Анварбек Мокеевге ЭКУ сыйлыгы ыйгарылды

Коом 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Саммитинин алкагында бүгүн, 1-мартта ЭКУ номинанттарына ЭКУ сыйлыгын тапшыруу салтанаты өттү. Алардын бири тарых илимдеринин доктору, Кыргызстандык профессор, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проректору Анварбек Мокеевге ыйгарылды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сыйлык илим-изилдөө иштериндеги аймактык мүнөздөгү ЭКУ экономика, тарых, маданият, адабият жана искусство, илим жана технология, билим берүү, айыл чарбасы жана айлана чөйрө жаатындагы жетишкендиктерге берилет. Ар бир мамлекет ЭКУ катчылыгына жогорудагы ар бир тармак боюнча 5 талапкерди көрсөтө алат.

Анварбек Мокеевге сыйлык илим жана технология тармагындагы илимий-изилдөө иштериндеги жетишкендиктери үчүн ыйгарылды.

Белгилей кетсек, ЭКУ сыйлыгы ЭКУ мамлекет жана Өкмөт башчыларынын жолугушуусунун жүрүшүндө берилет.

Эске салсак, бүгүн, 1-мартта, Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Саммитти катышуучу он өлкөнүн Иран, Пакистан, Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Афганистан, Тажикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын катышуусунда өттү.

Пикир

Оставить комментарий