• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тарых илимдеринин доктору: Жаңы Конституция элдин жана мезгилдин талабына жооп берет

Коом 0

Жаңы Конституция учурдагы реалдуулукту эске алуу менен иштелип чыккан жана элдин талаптарына жооп берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине тарых илимдеринин доктору, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Абылабек Асанканов Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган Конституциянын жаңы долбооруна карата пикирин билдирип жатып айтты.

Анын айтымында, жаңы Конституцияда президенттин жоопкерчилиги кеңейтилген жана аны так аныктоого мүмкүн болду.

“Белгилүү болгондой, азыркы Конституция боюнча бизде президентти эске алуу менен парламенттик башкаруу формасы. Бирок, ишке келгенде барын президент башкарып, жоопкерчиликке келгенде ал качып кетчү. Негизги жооп берүүчү өкмөт болуп, ал биринин артынан бири алмашып турган. Эми бардык жоопкерчилик президентке жүктөлдү: ал өкмөттүн курамын түзөт, экономикага жана саясий иштерге жооп берет”,-дейт кеңешменин мүчөсү.

Ошондой эле, тарыхчы жаңы Конституцияда коомдук функциялар жүктөлгөн мамлекеттик катчынын кызматы камтылганын кошумчалады.

“Мамлекеттик катчы өкмөттүк эмес уюмдар, маданият ишмерлери менен тыкыз кызматташып, уюштуруу иштери менен алектенет”,-деди Асанканов.

Ал адам укуктары жана сөз эркиндиги бөлүмү тууралуу айтып жатып, адам укуктары кол тийгис бойдон калаарын жана кеңири белгилерге ээ болгонун билдирди.

“Адам укуктары бөлумүндө бары Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча декларациясынын алкагында түзүлдү. Кыргызстанда адам укуктары коомду курууда дайыма башкы артыкчылык болуп келген”,-деп сөзүн жыйынтыктады ал.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий