• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Бекназар Сатаров дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Бекназар Сатаров 86 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Сатаровдун өмүр жолу:

1936-жылы Сокулук районунун Асылбаш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

1955-жылы Октябрь орто мектебин бүтүргөндөн кийин Токмоктогу маданият техникумун, 1958-жылы Мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн.

1963-жылдан баштап Кант районунун мектептеринде мугалим, директор, РайОНОнун инспектору болуп иштеген. 1967-69-жылдары Компартиянын тарых институтунда илимий кызматкер, 1969-95-жылдары К.Скрябин атындагы айыл чарба институтунда мугалим, профкомдун төрагасы болуп иштейт.

1995-2001-жылдары Чүй университетинде доцент, профессор, кафедра башчысынын кызматын аркалайт. И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин Ардактуу профессору, “Жалпы тарых” кафедрасында иштеген.

Жалпысынан алганда 60 ашык илимий-усулдук эмгектери жарык коргон, анын ичинде эки китеби бар. “Асылбаштын санжырасы” китебинин автору. Булардын ичинен ар дайым актуалдуу болуп келген жаштарды тарбиялоо боюнча монография жана жогорку окуу жайларынын студенттерине арналган “Кыргыз тарыхы боюнча лекциялар топтомун” атайы белгилоого арзыйт.

Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин грамотасы, “Элге билим берүүнүн отличниги”, Жогорку окуу жайларынын бир нече ардак грамоталары жана башка сыйлыктарынын ээси.

Төрт уул-кызды тарбиялап өстүргөн. Алардын баары, ата-энесин тартып, адептүү, эмгекчил жана ак ниет болуп чыгышты. Баардыгы жогорку билимдүү.

Профессор Бекназар Сатаровдун атасы да Сокулук районундагы Асылбаш айылында алгачкы мугалимдерден болгон. Улуу Ата Мекендик согуштун айыгышкан алаамат жылдарында эл-жерин коркоо душмандан коргоп жатып, Сталинград алдында баатырларча курман болгон. Анын жубайы Шайырбүбү апа да өз кезегинде коллективдүү чарбаны уюштурууга активдүү катышкан жана Кашка-Суу аттуу колхоздун алгачкы башкармасы болгон кыргыздын кыраан кыз-келиндеринин бири эле.

Ушундай үй-бүлөдө тарбияланган Бекназар бала чагынан баамчыл, окуу билимге дилгир болуп өсөт. Окуу жайын ийгиликтуу аяктаган Бекназарды элге Билим берүү министрлигинин жолдомосу менен ошол кездеги… “Ала – колдой” аталган алыскы Кенес – Анархайга малчылардын балдарын окутканы жиберишет. Мында ал жалгыз эмес – Кыз-келиндер институтун аяктаган түбөлүк жары Жамийла менен аттанышат. Өмүрлүк жубайы да илим жолун тандап алган. Ал да 30 жылдан ашык убакыттан бери И.Арабаев атындагы Педуниверситетте доцент болуп иштеген.

Бекназар Сатаров таланттуу, жогорку жоопкерчиликти сезе билген, кесипкөй, ак пейил, адамдарга жардам бере билген адам эле. Бекназар Сатаровдун жаркын элеси жакындарынын жүрөгүндө дайым сакталат.

Пикир

Оставить комментарий