• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тарых музейи үчүн экспонаттар Германиядан жогорку баада алынып келинген

Коом 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Тарых музейи үчүн экспонаттар жана материалдар Германиядан жогорку баа менен алынып келинген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коопсуз кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

“Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик бюджетке көптөгөн миллиондогон зыян алып келген бузуулар аныкталды. Алсак, ички базардан эле сатып алууга мүмкүн болгон материалдардын бир бөлүгүн Германиядан жогорулатылган баа менен алып келишкен, ага жол акысы, бажы жана салык төлөмдөрү төлөнгөн”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий