• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Бүгүнкү отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Бүгүнкү отурум жылдырылды. Анткени айыпталуучу Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан соттук отурумга катышууда.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий