• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Биринчи ачык соттук отурум 11-июнь күнү өтөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда өткөн жума күнү ат майданын жана тарых музейин куруу жана оңдоп-түзөө иши боюнча алдын ала угуулар болуп өттү. Бул тууралуу юрист Нурбек Токтакунов билдирди.

Ал билдиргендей, мурунку премьер-министр Сапар Исаков жана президент аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы Мира Карыбаеванын жактоочулары дадилдердин арасынан соода-өндүрүш палатасынын экспертизасынын актысын алып салуу боюнча өтүнүч келтиришкен. Бирок сот Эрнис уулу Айбек аны канааттандырган эмес.

Токтакунов кошумчалагандай, бул иш боюнча биринчи ачык отурум 11-июнь күнү өтөт.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 31-декабрында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаков менен Мира Карыбаевага КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, 2016-жылы КР өкмөтү менен Түркиянын премьер-министринин аппараты алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Түркия агенттиги (ТИКА) ортосунда мамлекеттик тарых музейин толук реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюлганы аныкталган. Келишим боюнча Түркия үч жылдын ичинде 15 млн. АКШ доллар эсебинде гранттык каражат бөлүп бермек.

Бирок, музейди реконструкциялоодо КР президентинин аппаратынын мурунку жетекчиси С.Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жумушту 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүү боюнча негизсиз талаптарынан улам Түркия тарап жумушту улантуудан баш тарткан. Жыйынтыгында, музейди реконструкциялоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 520 млн. 309 миң сом өлчөмүндө кошумча каражат сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий