• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Дагы 13 күбө суралат

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Бүгүнкү отурумга үч күбө чакыртылган, бирок экөө гана көрсөтмө берди. Үчүнчү күбө эмнегедир аны чакырганга чейин эле кетип калды. Судья мамлекеттик айыптоочудан көбүрөк күбө чакырууну суранды. Марат Сыдыков билдиргендей, дагы 13 күбө калды.

Кийинки отурум бейшемби күнү өтөт.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий