• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Күбө эмнеге тергөө менен кызматташууга барганын айтып берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Учурда Ысык-Көлдөгү ат майданын курууда башкы буйрутма аткаруучу компания болгон "СМУ-3" (Курулуш-монтаждык башкармалык-3) ЖЧКсынын директору Айдарбек Мендеев сурак берүүдө. Мындан мурда Мендеев бул иште шектелүүчү болгон. Бирок ал тергөө менен кызматташууга барган. Андан кийин анын иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Француздар менен иштөө боюнча көрсөтмөнү Сапар Исаков (мурдагы өкмөт башчы) берген деп ким айткан деген суроого ал, көрсөтмө Сапар Исаковдуку болгон деп эч ким айтпаганын билдирди.

"Бирок Архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчилеринин бири, иштер КР президентинин аппаратынын көрсөтмөсү менен аткарылып жатканын айткан", - деди ал.

"Бардык күнөөнү менин мойнума жүктөө аракети болгондуктан тергөө менен кызматташууга бардым. Мен келишимди евро менен түзүүнү колдогон эмесмин. Мен келишим сом менен болсун, сом боюнча эсеп ачылсын деп айткам. Француздар менен болгон келишимдин шарттары тууралуу биз менен сүйлөшүлгөн эмес", - деди ал.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий