• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Күбө компанияны кантип издешкенин айтып берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Учурда Ысык-Көлдөгү ат майданын курууда башкы буйрутма аткаруучу компания болгон "СМУ-3" (Курулуш-монтаждык башкармалык-3) ЖЧКсынын директору Айдарбек Мендеев сурак берүүдө. Ошондой эле бул компания Тарых музейин оңдоп-түзөө иштерине да катышкан.

Мамлекеттик айыптоочу, эмнеге ал КР президентинин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков Тарых музейиндеги иштерди көзөмөлдөгөн деп ойлорун сурады.

Мендеевдин айтымында, эгер Архитектура жана курулуш агенттигинин башчысы кеңешмени өзүнүн иш бөлмөсүндө өткөрсө, ишти алар көзөмөлдөп жатканын билдирмек. Бирок алар кеңешмеге Ак үйгө чакырылышкан. Кеңешме Исаковдун төрагалыгы алдында өтүп, ал ишти Исаков көзөмөлдөйт деп түшүнгөн.

"Анда REIER немис компаниясынын өкүлдөрү котормочулары аркылуу кандай иштерди аткарарын жана акысы канча болорун айтып беришти. Биз жардамчылар аркылуу ал сумманы сомго которуп, ири сумма чыкты. Анда А. Абдыкаров (Архитектура жана курулуш агенттигинин директорунун мурдагы орун басары) башка компанияны издөөнүн сунуштады. Анда Исаков, музей элдин акчасына курулуп жатканын айтып, бааны арзандатууну суранды. Немистер акыркы сумманы айтышты. Биз аны сомго которгондо, баары бир ири сумма чыкты. Андан кийин А. Абдыкаров кайра башка компанияны издөөнү сунуштады. Исаков башка компанияны издөөгө убакыт жок экенин жана бул компания менен иштөө керектигин айтты", - деди ал.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий