• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Күбө сурак берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Сот залына Архитектура жана курулуш агенттигинин Турак жай курулуш департаментинин мурдагы директору Шайбек Атамбеков чакырылган.

Анын айтымында, 2018-жылдын 12-июнунда "Хаят" мейманканасынын имаратында германиялык Раер компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болгон.

"Мен келгенде ал жакта немистер жок болчу. Мага, алар келишимди аягына чыгаруу үчүн кетишти деп айтышты. Андан кийин Чыңгыз Маниясов (КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти), Исаков (мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков) өзү чалып, келишимди евро менен түзгүлө деп айтканын билдирди", - деди ал.

Ал белгилегендей, Алмаз Абдыкадыров (Архитектура жана курулуш агенттигинин директорунун мурдагы орун басары) шаштырып, курулушту тездетүү керектигин, Исаков суранып жатканын айткан.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий