• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Каржы министрлигинин адиси көрсөтмө берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурумда КР Каржы министрлигинин адиси Алмаз Керималиев көрсөтмө берүүдө.

Анын айтымында, алардын бөлүмүнө Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен Тарых музейин капиталдык оңдоо иштери үчүн 869 млн сом бөлүү боюнча документ келип түшкөн.

"Бизге кат келип, эскертүү, сунуштарды киргизүү сунушталды. Биз анча каражат жок деген жооп кайтардык. Каржылоо булагы белгиленген эмес. Мындан мурдараак капиталдык оңдоо иштери үчүн 700 млн сом каралган. Каржылоо булагын белгилебей туруп каражатты бөлүп берүү мүмкүн болбойт деп жооп бердик. Кат президенттин аппаратына кеткен", - деди ал.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий