• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Кийинки отурум 1-октябрда өтөт

Коом 0

Бишкек. 24.09.19. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда тарых музейи жана ат майданы менен байланышкан иш боюнча соттук отурум өттү. Кийинки отурум 1-октябрда өтөт.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин сотто Эрнис Айбек уулу төрагалык кылып келген. Бул иште төрагалык кылган сот алмашкандыктан, жактоочулар прокурорлорго айыпты кайра угузуусун өтүндү. Сот өтүнүчтү канааттантырып, прокурорлор айыпталуучуларга айыбын кайра угузду.

Андан кийин жабырлануучу тараптын – Каржы министрлигини өкүлдөрү сурак беришти.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий