• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Кийинки отурум 11-февраль күнү өтөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурумда Ысык-Көлдөгү ат майданын курууда башкы буйрутма аткаруучу компания болгон "СМУ-3" (Курулуш-монтаждык башкармалык-3) ЖЧКсынын директору Айдарбек Мендеев, Архитектура жана курулуш агенттигинин директорунун орун басары Урматбек Комаров, Архитектура жана курулуш агенттигинин Турак жай курулуш департаментинин мурдагы директору Шайбек Атамбеков сурак берди.

Сот, аларга көп суроо бар экенин айтып, аларды келерки шейшемби, 11-февраль күнү саат 14:00дө өтө турган отурумга келүүсүн суранды.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий