• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Мамлекеттик айыптоочу тарап отурумга Исаковду алып келүү өтүнүчүн келтирди

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Прокурорлор сот отурумдарына айыпталуучу Сапар Исаковдун катышуусун камсыз кылуу өтүнүчүн келтиришти. Алардын айтымында, ал отурумга келүүгө милдеттүү. Алар белгилегендей, айыпталуучу чет жерде жүргөн учурда иш айыпталуучусуз каралашы мүмкүн.

Сот отурумдун катышуучуларын угуп, өтүнүчтү канааттандырган жок.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий