• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Мамлекеттик айыптоочулар Исаковго 20 жыл, Карыбаевга 260 миң сом айыппул сурап жатат

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө тууралу иш боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башкы прокурору Үмүт Конкубаева билдиргендей, бүгүнкү отурумда мамлекеттик айыптоочулар мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратууну жана зыяндын ордун толтуруу иретинде 247 млн сом төлөтүүнү суранган.

Мамлекеттик айыптоочулар президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этностор аралык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаеваны Кылмыш кодексинин 302-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айыппул салууну суранган.

Пикир

Оставить комментарий