• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Немец компаниясы менен болгон келишимди көргөн жокмун – вице-премьер

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурумга Тарых музейинин оңдоп-түзөө иши боюнча кошумча күбө катары вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова чакыртылган.

Адвокаттын суроосуна жооп берип жатып Өмүрбекова билдиргендей, тергөөнүн музейдин оңдоо иштерине Мира Карыбаеванын катышуусу ишке зыян болгон жана ал ошол иштерге аралашты деген маалыматы менен макул эмес. "Мен бул менен такыр макул эмесмин. Биз аталган маселеде иш билги адам катары ага өзүбүз кайрылчубуз. Биз баардыгыбыз бир багытта иштечүбүз. Биз музейдин Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргызстандыктарга белек катары ачууну пландаганбыз", - деп билдирди ал.

Өмүрбекова кошумчалагандай, экспонаттарды жайгаштырууда маданият, маалымат жана туризм министри, директор да ага каршы сөз айтышкан эмес.

Вице-премьер суроого жооп берип жатып маалымдагандай, REIER немец компаниясы тууралуу ал жумуштун жүрүшүндө билген. Реконструкция боюнча келишимдин өзүн көргөн эмес.

"Кандайдыр бир келишимдерди түзүүдө ага катышуу менин ыйгарым укуктарыма кирбейт. Ошондуктан жаңылып калышым мүмкүн. Азыр сынга кабылып жаткан устун мага жакты. Жалпысынан айтканда, музейдин концептуалдык бөлүгү мага жакчу. Ал эми баасына киришкен эмесмин жана сураган жокмун. Себеби дегенде ошол кездеги болгон нерселер менен иштечүүбүз", - деди Өмүрбекова.

Белгилей кетсек, жыгачтан жасалган бир устундун баасы 600 АКШ долларын түзүп, Германиядан алынып келинген.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан. Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий