• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Отурум 2-июлга жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча биринчи ачык отурум болуп өттү.

Сотто Эрнис уулу Айбек төрагалык кылган.

Отурумдун жүрүшүндө жактоочулардын бири отурумду жылдырууну өтүндү. Ал билдиргендей, ага иш менен таанышуу үчүн убакыт керек. Ошол себептен отурум 2-июлга жылдырылган.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 31-декабрында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаков менен Мира Карыбаевага КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, 2016-жылы КР өкмөтү менен Түркиянын премьер-министринин аппараты алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Түркия агенттиги (ТИКА) ортосунда мамлекеттик тарых музейин толук реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюлганы аныкталган. Келишим боюнча Түркия үч жылдын ичинде 15 млн. АКШ доллар эсебинде гранттык каражат бөлүп бермек.

Бирок, музейди реконструкциялоодо КР президентинин аппаратынын мурунку жетекчиси С.Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жумушту 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүү боюнча негизсиз талаптарынан улам Түркия тарап жумушту улантуудан баш тарткан. Жыйынтыгында, музейди реконструкциялоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 520 млн. 309 миң сом өлчөмүндө кошумча каражат сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий