• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: "СМУ-3" ишканасынын башчысы сурак берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Ат майданын курууда башкы буйрутма аткаруучу компания болгон "СМУ-3" (Курулуш-монтаждык башкармалык-3) ЖЧКсынын директору Айдарбек Мендеев суракка алынууда.

Анын айтымында, 2015-жылы Архитектура жана курулуш агенттигинин алдындагы Турак жай курулуш департаментинен кат келген.

"Ал катышууга чакыруу болгон. Биз бардык документтерди топтоп, тапшырганбыз. Андан кийин бизге комиссиядан биз жеңгенибиз тууралуу кат келди. Жаңы жылдан кийин курулуш иштери башталды. Ал жерде эски ат майданы тургандыктан аны бузуу иштерин баштоону тапшырышты", - деди ал.

Мендеев белгилегендей, ал жерде долбоордук-эсептик документтер жок болгондуктан, биринчи келишим 400 млн сомго түзүлгөн. Башында эле ал сумма баштапкы баа экени айтылган. Андан кийин 1 млрд 584 млн сомго токтолушкан.

"Биз иштеп жатканда бул долбоор эл аралык талаптарга жооп бериши керектигин айтышты. Ошондо бизге француздар келип, ат майданга кирүүнү суранышты. Алар жарыш жолду карап, кетип калышты. Андан мурдараак бизге аларды тосуп алып, ат майданын көрсөтүп чыгуу эскертилген. Ал тапшырманы ким бергенин так айта албайм, адашып алам деп ойлойм", - деди ал.

Ал белгилегендей, тендер өткөрүлүп жатканда ат майданы эл аралык талаптар боюнча салынышы керектиги айтылган эмес. Кыргызстанда андай жок.

"Ат майданы эл аралык талаптарга жооп бериш керек деген талап, биз дээрлик ишти аяктап, жарыш жолго жетип калганда чыкты", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий