• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Соттук отурум болгон жок

Коом 0

Бишкек, 20.08.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда тарых музейи жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданы боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок, соттук отурум болгон жок.

Отурумда сот Эрнис Айбек уулу төрагалык кылууда. Соттук отурум Сапар Исаковдун саламаттыгына байланыштуу өткөрүлгөн жок.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий