• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Суракка Мамкурулуш агенттигинин директору Абдиев чакыртылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Бүгүнкү отурумда Тарых музейин оңдоп-түзөө иши боюнча Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев көрсөтмө берүүдө.

Анын айтуусунда, азыркы учурда баардык курулуш иштери аяктады. "Менин билишимче жабдыктарды алып келүү менен алектенген Vitrinen-und Glasbau REIER GmbH немец компаниясы баардык материалдарды толугу менен алып келген жок. Бирок буйрутманы Мамкурулуш агенттиги эмес, Маданият министрлиги аткарган. Бүгүнкү күндө алар электрондук техникаларга уруксат берген жок. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте жыйын өткөрдүк", - деди ал.

Ал кошумчалагандай, немец компаниясын тартуу боюнча чечим президенттин администрациясы тарабынан айтылган.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Пикир

Оставить комментарий