• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Вице-премьер А.Өмүрбекова көрсөтмө берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурумга Тарых музейинин оңдоп-түзөө иши боюнча кошумча күбө катары вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова чакыртылган. Ошол кезде ал Жогорку Кеңештин депутаты болчу.

Анын айтуусунда, өкмөт түзүлүп, 2018-жылдын апрель айында ишке киришкен. "Бизде көп жолугушуулар өтчү, ошолордун биринде маркум министр Султанбек Жумагулов ушул меселени көтөрүп чыгып, болжол менен май айында музейде көчмө жыйын өткөрдүк. Аталган маселенин үстүнөн көп иштедик, жумуш боюнча Мира Карыбаева менен да жолукканбыз (Президенттин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы)", - деди Өмүрбекова.

"Менин түшүнүшүмчө, Мира Аскеровна музейдин оңдоп-түзөөдө мазмундуу иштерге жооптуу болчу. Башкача айтканда, тиги же бул экспонат ордуна туура келеби, аталышы туурабы же жокпу ж.б. Негизинен ал ушул суроолордун тегерегинде иш алып барчу. Иш даярдоо жана музейдин ачылышына багытталган эле", - деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан. Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий