• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Жабырлануучу тарап сурак берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоо иштерине байланыштуу ачык соттук отурум өтүүдө.

Сотто судья Эрнис уулу Айбек төрагалык кылууда.

Жабырлануучу тарап - финансы министрлигинин өкүлү Аяна Жоомартова. Анын айтуусу боюнча, министрлик расмий түрдө жабырлануучу болуп табылган.

Аяна Жоомартова бардык суроолорго жооп бере албай тургандыгын айтты, анткени анын жетекчиси жооп берет.

Кийинки отурум 16-июль күнү өтөт.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 31-декабрь күнү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Сапар Исаков жана Мира Карыбаеваларга Мамлекеттик тарых музейин оңдоп-түзөө иштери боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор абалга алып келген коррупция) боюнча айып койгон.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилген. Тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн.сом жана ат майданын оңдоодон 145,9 млн.сом.

Пикир

Оставить комментарий