• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Жактоочу жана айыптоочу тараптын ортосунда талаш жаралды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Сот залына мурда бул иште шектелүүчү болгон Шайбек Атанбеков чакырылган.

Жактоочу, анын шектелүүчү макамы болгондуктан ал күбө катары суракка алынышы болбой тургандыгын билдирди. Ал белгилегендей, аны шектелүүчү катары суракка алуу үчүн отурумга анын жактоочусу катышышы керек.

Прокурордун айтымында, ал тергөө менен кызматташуу макулдашуусуна кол койгон. Анын иши өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ошондуктан аны күбө катары суракка алууга болот.

Сот алардын талашын токтотуп, анын иши өзүнчө өндүрүшкө алынганын жана күбө катары сурак берсе болорун билдирди. Сот, жактоочуларда соттун чечимине доосу болсо, алар даттанса болорун айтып өттү.

Учурда күбөлөр суралууда.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий