• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейин оңдоо: Иште Атамбаевдин тиешеси тууралуу деп айтылууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Мамлекеттик тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча иште экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аты аталган иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Бул тууралуу КРнын мурунку президентинин кол тийбестигин алуу боюнча комиссиянын отурумунда УКМКнын өкүлү Самидин уулу Сагынбек билдирди.

Анын айтымында, тарых музейин оңдоо иши боюнча тиешелүү адамдарга күнөө тагылып, иш сотко өткөн.

“Бир иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Ал жерде Алмазбек Атамбаевдин аты айтылууда. Учурда ал иш иликтенүүдө”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий