• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тарых музейин оңдоо жана ат майданы боюнча иш: Сотту четтетүү өтүнүчү канааттандырылган жок

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин оңдоо иши жана ат майданы боюнча соттук отурум өттү.

Сотто Эрнис уулу Айбек төрагалык кылууда.

Отурумдун башында мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов сотту четтетүү өтүнүчүн келтирди. Сот кеңешчү бөлүмүнөн чыккандан кийин бул өтүнүчтү канааттандырган жок.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаков менен Мира Карыбаевага КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Пикир

Оставить комментарий