• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тарых музейин оңдоодо 101 млн сом зыян келтирилген, алты чиновникке айып коюлду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Тарых музейи менен Чолпон-Ата шаарындагы ипподромун реконструкциялоо жүрүшүндө мамлекетке 247 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Башкы прокурордун айтымында, Тарых музейин оӊдоодо 101,6 млн сом, ипподромду оңдоодо 145,9 млн сом зыян келтирилгени аныкталды.

«Ушу тапта бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 мурдагы аткаминерге Кылмыш кодексинин 303-беренеси менен айып тагылды. Алар – Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атабеков, Айдарбек Мендеев", - деп билдирди башкы прокурор.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов башкы прокурорду MegaCom компаниясынын акциялары боюнча Белизден келди делген документтер боюнча кылмыш иши козголбогон күндө да да, мамлекеттик жашыруун сыр болбогондон кийин, "Белизгейт" жосуну боюнча документтерди ачыкка чыгарууга чакырды.

Башкы прокурордун айтымында, MegaCom компаниясынын акциялары боюнча материалдарга буга чейин Башкы прокуратура тарабынан укуктук баа берилген, бирок документтерге "жашыруун" белгиси коюлуп калган, ал азырынча алынып салына элек.

Андан тышкары, 2017-жылы Дача-СУда болгон авикырсык боюнча кылмыш иши жаӊыртылганы белгилүү болду. Башкы прокурордун айтымында, азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча тергөө иштери аяктагандан кийин толук маалымат берилет.

Ал эми депутат Иса Өмүркулов прокуратура органдарынын чарбалык жумуштарга арадашуусу туура эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, чарбалык иштерге Финпол менен Эсептөө палатасы кийлигишсе болот, ушу тапта кылмыш иши козголбогон айыл өкмөтүн табуу кыйын. «Прокуратура органдары тендерлер боюнча дагы кылмыш иштерин козгоп жатат. Ошондон улам, тендер өткөргөндөн коркуп калышты, бир дагы аткаминер өзүнө жоопкерчиликти алыгысы келбейт», - деди ал.

Башкы прокурор тендерлер боюнча козголгон кылмыш иштерин талдап чыгып, анын жыйынтыгына жараша чара көрүүгө убада кылды.

Талкуу жыйынтыгында тармактык комитет башкы прокурорунун 2018-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчету эске алынсын деген чечимге келди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинде Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун 2018-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчету угулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий