• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданы боюнча иш: Сот отурум башталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Тарых музейинин реконструкциясы жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданы боюнча иштин биринчи ачык соттук отуруму болду.

Сотто Эрнис уулу Айбек төрагалык кылууда.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго айыбы угузулду.

Прокурор белгилегендей, Сапар Исаков жумуштарды мурдагы президент Атамбаевдин мөөнөтүнүн акырына - 2017-жылдын ноябрь айына чейин бүтүрүүгө болбой тургандыгын алдын ала билип, түрк тарапка шарт койгон.

"Түзүлгөн кырдаалда биздин өлкө 10 млн. доллардан ашык гранттан куру кол калган. Андан кийин Сапар Исаковго музейди реконструкциялоонун алкагында жумуштардын наркы угузулган - 8 млн. доллардан ашык болгон. Исаков жеке ниети болуп, өлкөнүн кызыкчылыгына карабастан немис компаниясына макулдук берген", - деп окуду мамлекеттик айыптоонун өкүлү.

Эсеп палатасынын аудитинин актысына ылайык, эки ат, жыгач инсталляция ж.б. жалпы наркы 55 млн. 593 миң 772 сом болгон.

Ал эми Сапар Исаков айыптоочу акттын маңызын түшүнбөй тургандыгын белгиледи.

"Мен айыптоонун маңызын түшүнбөй турам. Менин пайдам мансапкорлук болгон дешүүдө. Бул - сандырак. Долбоорлорго болгон акча - бардыгы гранттык. Башкача айтканда, ал салык төлөөчүлөрдүн акчасы эмес", - деди ал.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий