• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тарых музейин жана ат майданын оңдоо боюнча иш: Эки күбө суралды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иштери боюнча кезектеги отурум өттү.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Бүгүнкү отурумга эки күбө Я.Мазманов жана О.Линская чакырылып, сурак беришти.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий