• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тарых музейин жана ат майданын оңдоо боюнча иш: Кийинки отурум бир жумадан кийин болот

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Биринчи май райондук сотунда бүгүн Бишкек шаарындагы тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда. Кийинки отурум 5-ноябрга белгиленди.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий