• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Тарых музейин жана ат майданын оңдоо боюнча иш: Жактоочу башка бөлмө берүүнү өтүндү

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана ат майданын оңдоо иши боюнча соттук отурум өттү.

Сотто судья Эрнис уулу Айбек төрагалык кылууда.

Отурумдун башында мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов өтүнүч жарыялаган. Анын айтуусу боюнча, баардык каалоочулар сотко катышууга укугу бар. Ошол себептен жактоочу кененирээк бөлмө берүүнү өтүнгөн.

“Биринчи май райондук сотунун имаратында мындай чоң бөлмөлөр бар, бирок ал жакта да жыйындар өтүп жатат. Эгер залдар бош боло турган болсо, биз бул маселени жөнгө сала алабыз. Ошол себептен бул өтүнүч жарым-жартылай канааттандырылат”, - деди сот.

Эскерте кетсек, мурунку премьер-министр Сапар Исаков жана Мира Карыбаеваларга Мамлекеттик тарых музейин оңдоп-түзөө иштери боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор абалга алып келген коррупция) боюнча айып койгон.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилген. Тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн.сом жана ат майданын оңдоодон 145,9 млн.сом.

Пикир

Оставить комментарий