• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданын оңдоо боюнча сот: Исаков ден соолугуна байланыштуу сотту бир жумага жылдырууну сурады

Укук тартиби 0

Бишкек. 10.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков бүгүн Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан Бишкектеги тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иштери боюнча отурумда ден соолугун чыңдоо үчүн бир жума сурады.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурумдун башында айыпталуучу саламаттыгы начар экендигин айтты. Анын айтуусу боюнча, дагы деле анын башы айланып, кускусу келип жүрөт. Исаковдун саламаттыгы жакшыра элек. Ошондуктан ал соттон ишти кароону бир жумага жылдырууну суранды.

Ал эми анын жактоочусу Нурбек Токтакунов бул боюнча сураныч келтирип, Исаковдун абалы тууралуу дарыгерлерден негиздеме алып келди.

Прокурорлор буга каршы эместигин билдиришти.

Судья отурумду 24-сентябрга чейин жылдырды. Андан тышкары, сот буга чейин айыпталуучу дарыланып жаткан ооруканадан Исаковдун абалы тууралуу билдирүү алаарын билдирди.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий