• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Айыпталуучулардан сурак алуу башталды

Укук тартиби 0

Бишкек. 17.03.20. /Кабар/. Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурум мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов, өкмөт аппаратынын маданият жана билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мирбек Акматов жана "Азат" компаниясынын башкы директору Мелис Казакбаев күбө катары сурак беришти. Андан кийин жактоочулар тарабынан сотко өтүнүчтөр келтирилген. Судья отурумда айыпталуучулардан сурак алуу этабына өттү.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий