• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Исаков отурумга катышуудан баш тартууда

Укук тартиби 0

Бишкек. 17.12.19. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Сапар Исаков сот залына кирүүдөн баш тартып, кароолдун бөлмөсүндө калган.

Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, айыпталуучу келүүгө милдеттүү жана аны алып келүү керек.

Жактоочулар билдиргендей, алар буга эмне себеп экендигин билишпейт жана соттон айыпталуучу менен сүйлөшүүгө убакыт берүүнү суранышкан.

Сотто тыныгуу жарыяланды.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий