• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Исаков саламаттыгына байланыштуу алып келинген жок

Укук тартиби 0

Бишкек. 17.03.20. /Кабар/. Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Судья айыпталуучу Сапар Исаковдун жактоочуларынан ал эмне себептен келбегендигин жана суракка катышабы же жокпу деген суроо узатты. Жактоочу Бакыт Автандил уулу эмнеге алынып келинбегендиги тууралуу кабары жоктугун билдирген.

Төрагалык кылган судья кароол жетекчисин залга чакырып, суроо узатты. Кароол жетекчиси УКМКдан Исаковду ооруп жаткандыгын билдиришип, чыгарып беришкен жок деп айтты. Бирок саламаттыгы начар экендиги тууралуу тиешелүү документ берилген эмес, дейт.

Судья тергөө абагынын жетекчиси менен байланышып, бул маселенин чоо-жайын билерин айткан. "Ал эми отурумдун катышуучуларынын укуктарын сактоо максатында жыйынды жылдырууга туура келет",- дейт Сыдыков.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий