• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Келишимди евро валютасында түзүү мыйзамсыз болчу - күбө

Укук тартиби 0

Бишкек. 18.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-февралда Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда. Отурумда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Алмаз Абдыкаров сурак берүүдө.

Абдыкаров билдиргендей, ал музейди оңдоо боюнча келишим евро валютасында кабыл алынышына каршы болгон. ""Хаятт" мейманканасында болгон жолугушууда баарыбыз эшикте турганбыз. КР тышкы иштер саясатынын кызматкери Чыңгыз Маниясов бирөөгө чалып, бизге жетекчилик евро менен келишим түзүүнү айтты деди", - деп билдирди ал.

Анын маалыматына караганда, келишим СМУ-3 жана REIER компаниялары ортосунда түзүлгөн. Келишимди евро менен түзүү мыйзамсыз болчу. "Мен келишим евро менен түзүлүшүнө каршы болчумун. Бул менин позициям эле",- деди ал жана жалпы көзөмөл Сапар Исаков тарабынан жүргүзүлгөндүгүн билдирди.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан. Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий