• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Кезектеги отурум уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек. 11.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-февралда Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурумда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда «СМУ-3» ЖЧКсынын директору Айдарбек Мендеев көрсөтмө берип жатат. Анын компаниясы Ысык-Көлдөгү ат майданын курууда башкы подрядчик болгон. Андан соң, ушул эле компания музейдин оңдоп-түзөө иштерине тартылган. Мурда Мендеев аталган иште шектүү катары өтүп жаткан. Бирок ал тергөө менен кызматташа тургандыгын билдиргенден кийин анын ишин өзүнчө өндүрүшкө алышкан.

Анын айтымы боюнча, Архитектура, курулуш мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары А.Абдыкаров, турак-жай куруу департаментинин мурдагы жетекчиси Ш.Атамбеков жана анын жардамчысы У.Матисаков REIER компаниясы менен келишимге кол коюуга мажбурлашкан.

"Мага бул тапшырма президенттин аппаратынар келгендигин айтышкан. Мен макул болбогондугума карабай мага беришти. Мен келишим евро боюнча түзүлгөндүгүнө каршы болгом жана дагы бир-эки жери мага жаккан эмес. Мага немистер эртең өлкөдөн учуп кетээрин айтып, бул келишимге кол коюп калуу керек экендигин айтышты. Келишимге кол коюлбаса, бул өлкө үчүн чоң жоготуу болот. Андан тышкары, алар мен макул болбогондо СМУ3нин лицензиясын алып жана башка кыйынчылыктар болоорун сезип, макул болдум", - дейт Мендеев.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан. Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий