• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Кезектеги отурум уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек. 19.11.19. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Учурда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. “Грант Проект” ЖЧКнын башкы директору Вячеслав Мануковский сурак берүүдө.

Анын айтуусу боюнча, компания менен буга чейин түзүлгөн келишимдин алкагында музейде оңдоп-түзөө иштери башталган. Ушул эле компания, ат майданында долбоорлоо штерине тартылган.

“Бизде деле ат майданында чуркоочу тилке кура алчу адистер бар. Алар аны менен эл аралык лицензия да ала алышмак. Бирок, анда дагы кошумча каражаттарды сарптоо керек болмок”, - деди ал.

Кийин ал чет элдик адистерди чакырбастан, ишти аткара алчу кыргызстандык үч ири фирмаларды атаган.

“Музей боюнча биз болжол менен 7 млн. долларды түзгөн долбоордук-сметалык документтерди камдаганбыз. Бааларды биз долбоордук иштердин китепчесинен алып эсептеген элек. Анткени алар Союз учурунда эле биздин өлкөгө ылайыкташтырылып бекитилген”, - деди ал.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий