• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө иши: Курулуш агенттигинин жетекчисинин дагы бир орун басары сурак берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек. 11.02.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурумда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин мурунку орун басары Алмаз Абдыкаров сурак берүүдө.

Отурумда жактоочулар билдиргендей, бул адамдан суракты күбө катары эмес, шектүү катары алууну соттон суранышкан. Анткени ал бул иш боюнча башында шектүү катары өткөн. Ошондуктан анын берген көрсөтмөлөрүнүн чындыгына күмөн бар. Прокурорлор өз кезегинде Абдыкаров күбө катары сурак берүүсү керектигин билдиришкен. Ал эми судья Абдыкаровдон көрсөтмөнү күбө катары алаарын билдирип, ал калп берген көрсөтмөлөрү үчүн мыйзам чегинде жазага тартыла тургандыгын эскерткен.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан. Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий