• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары кайрадан суракка чакыртылды

Укук тартиби 0

Бишкек. 11.02.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурумда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Судья Марат Сыдыков кайрадан мурда суралган Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Урматбек Кокочаровду суракка чакыртты. "Мурунку күбө менен сиздердин көрсөтмөлөрүңүздөр эки башка болууда. "СМУ-3" (Курулуш-монтаждык башкармалык-3) ЖЧКсынын директору Айдарбек Мендеев күбө катары сурак берип, ага силер тараптан REIER немис компаниясы менен келишимге кол коюу боюнча кысым көрсөтүлгөндүгү тууралуу айтты. Ошол туурабы?",- деп суроо узатты сот. Кокочаровдун айтымында, өзү Мендеевге кысым көрсөткөн эмес, бирок Курулуш агенттигинин директорунун кеңсесинде бул тууралуу сөз болгон.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан. Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий