• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Отурум бир жумадан кийин уланат

Укук тартиби 0

Бишкек. 26.11.19. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланды.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда. Отурумда күбөлөрдөн көрсөтмө алуу уланды, кийинки отурум 3-декабрь күнү өтөт.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий