• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Отурум Исаковдун келбегендигине байланыштуу жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек. 12.05.20. /Кабар/. Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

"Айыпталуучу С. Исаковдун келбегендигине байланыштуу бүгүнкү күнгө дайындалган соттук териштирүү 19-май саат 14-00гө жылдырылды", - деп кабарлашты соттон.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий