• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Сот чечимдери жокко чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен президенттик аппараттын экс-башчысы Мира Карыбаевага карата Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотунун Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромдун реконструкциясы боюнча чыккан чечимин жокко чыгарды.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Буга чейин эки сот Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратып, 247 млн 650 миң сом айып төлөөгө милдеттендирген. Ал эми президенттин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, дин жана этникалык саясат бөлүмүн жетектеген Мира Карыбаева Кылмыш кодексинин 320-беренесин боюнча айыпталып, мамлекетке 260 миң сом өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

Пикир

Оставить комментарий